Бир катар “Унаа” бөлүмдөрүндө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемелеринде Ош, Жалал-Абад жана Баткендин аймагында жасалма документтердин жардамы менен Россия Федерациясынан алынып келинген автоунаалар катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМи билдирди.

«Тез арада текшерүүнү талап кылган маалыматтын болушуна байланыштуу, мыйзамсыз актыга байланыштуу материалдык далилдерди жана материалдарды табуу максатында, ИИМдин УКМКнын аймактар ​​аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү», – деп жазат ИИМ басма сөз кызматы.

Бул факт КЖБРде катталып, ИИМдин Тергөө кызматы 2021-жылдын февраль айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси «Документтерди жасалмалоо» боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган.

ИИМдин ыкчам кызматкерлери соттун буйругунун негизинде сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында бир катар “Унаа” бөлүмдөрүндө жеке документтерди камакка алышкан. Тактап айтканда, транспорттун каттоосуна байланыштуу документтерди текшерүү Жалал-Абад облустук башкармалыгында жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Баткен облустук башкармалыгында (Кызыл-Кыя шаарында) жүргүзүлүп, анда мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды.

Автоунааларды каттоодо документтерди жасалмалоо фактысы боюнча мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук бөлүмдөрүнүн бир катар кызматкерлери жеткирилип, ИИМдин тергөө кызматына сурак беришти. Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө улантылууда, деп билдирди ИИМ.

Добавить комментарий