Базар-Коргон районунун борбордук аянтына коюлган балаты жергиликтүү жашоочуларды күлкүгө салды. Тургундардын бири Sputnik Кыргызстан агенттигине балатынын жасалгалоого 100 миң сомдой акча кеткенин билдирди.
Анын айтымында, эл ошончо каражатка кунарсыз балаты коюлуп калганына нааразы болуп жатат.
Ошондой эле аким балаты учурда толук жасалып бүтө электигин белгилеп өттү.
«Былтыр балатыга илген оюнчуктарды топ бала келип уурдап кеткен экен. Аны бирөө-жарым такай кайтарып турбайт. Ошондуктан быйыл кымбатыраак оюнчуктарды майрамдын алдында илели деп жатканбыз. Балаты дагы жасалгаланат. Бул акчага райондук администрациянын тиешеси жок. Уюштуруу иштерин Базар-Коргон айыл өкмөтү жүргүзүп жатат. Бирок биз 3-4 күн мурун толук жасалсын деп эскерткенбиз», — деди аким.
Район башчысынын билдиришинче, балатынын сөңгөгү темирден болуп, бутактарын тоодогу арчаларды кыркып келип жасашкан.