Баткен: Опузалап акча талап кылган эки шектүү кармалды

Баткенде ишкерден акча талап кылган деген шек менен эки адам кармалды.

Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 29-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун «Полот-хан» айыл аймагынын тургуну акча талап кылган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган.

«Бир күн мурун бейтааныш адам өзүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүмүн деп атап, коркутуп-үркүтүү жолу менен 500 доллар талап кылып, ишкерге келген. Мындан тышкары, ай сайын ушул эле суммада акча төлөп турууну талап кылган», – деп билдирди ИИМ.

Бул факты боюнча КР Жазык кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Баткенде кылмыш дүйнөсүнүн эки өкүлү жеке ишкерден акча талап кылуу фактысы иликтенүүдө.

Фото: Баткенде кылмыш дүйнөсүнүн эки өкүлү жеке ишкерден акча талап кылуу фактысы иликтенүүдө.

Шектүү Кадамжай районунун тургуну, мурда соттолгон 1986-жылы туулган А.А. болуп чыкты.

Андан ары кылмышка шектүү эки адам 16 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Алар ошол эле райондун тургундары, мурда соттолгон 36 жаштагы жарандар болуп чыкты.

Учурда экөө тең УКЖга киргизилди.

Тергөө иштерин Баткен облустук ИИБнын тергөө кызматы жүргүзүүдө.

 

Добавить комментарий