Баткен облусунда жарым миллион сомдук дөңгөлөктөрдү аткезчилик жол менен ташып бара жаткандар кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жарым миллион сомдук аткезчилик жүк кармалганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын аймагындагы аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

«Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынын бейтарап аймагынан КР жараны айдап бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Транспорттун бортунан 325 унаа дөңгөлөктөрү табылган. Унааны Кыргызстандын жараны П.А.Ш. айдап бара жаткан. Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт», – деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 231-беренеси «Экономикалык контрабанда» боюнча кылмыш иши козголду. Керектүү юридикалык процедуралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий