Каракол шаарынын укук коргоо органдарынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, паркта балатыны кыйган адам кармалды. 1 метр бийиктиктеги дарак алынды.
Шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, 27-декабрь күнү саат 21:30 чамасында патрулдук кызматынын кызматкерлери “Жеңиш” паркында бийиктиги бир метрден ашкан жашыл балатыны кыйган адамды байкап калышкан. Ал балатыны мыйзамсыз кыйганы үчүн камакка алынып, Каракол шаардык ИИБга жеткирилген.
Милиция ал кишинин өздүгүн тактады. Бул 29 жаштагы облус борборунун тургуну М.И. болуп чыкты, ал үйүнө жаңы жылдык балатыны кыйып алганын мойнуна алды.
Бул факт Каракол шаардык ИИБнын КЖБР тарабынан катталып, келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталгандан кийин, токойду мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн кылмыш жообуна тартуу чечими кабыл алынат.