
Сокулук райондук соту эки жашар баланы ур-токмокко алуу боюнча айыпталуучуга карата өкүм чыгарды.
Чүй облустук сотунда ал күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөө тууралуу өкүм чыгарылды.
Буга чейин доогер, жабырлануучу тараптын жактоочусу 32 миң 286 сом компенсация, ошондой эле 100 миң сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок сот өндүрүштү кароосуз калтырып, доогер бул маселе боюнча жарандык сот өндүрүшүндө кайрыла аларын түшүндүргөн.
Эске салсак, Сокулук районунда сабалган бала (1 жаш 8 айлык) ооруканага түшкөн. Шек катары ата-энесинин жумуш берүүчүсү — дыйканчылык менен алектенген Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Жабыркаган баланын ата-энеси мал багып, анын колунда иштеген.
Кийинчерээк С.А. системалуу түрдө бардык үй-бүлө мүчөлөрүн сабаганы белгилүү болгон. Баланын ата-энеси ага ири суммадагы карыз.