Баланы сүзгөн айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалган

Интернациональное айылында алты жаштагы кызды сүзүп, кырсык болгон жерден кетип калган айдоочуну ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиционерлер тапкан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун эсеби боюнча, кечээ саат 14:30 чамасында Ысык-Ата районунун Первомайская көчөсүндө айылда белгисиз айдоочу мас абалында 2014-жылы туулган баланы Ауди унаасында сүзүп кеткен. Андан кийин биринчи жардам көрсөтпөй, окуя болгон жерден качып кеткен. Бала аймактык ооруканага буту сынып, ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. 

“Айдоочуну МАИ кызматкерлери Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгына караштуу Милициянын издөө тобуна таандык. Ошол эле айылдын 1973-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Ал кармалган. Ошондой эле, ак түстөгү Ауди-100 автоунаасы аныкталып, ал айып короого токтотулган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Чогулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий