Баланы өлтүрүү: жаза үчтөн бирине кыскарган

Эки жашар кызды өлтүргөн адамга мунапыс жарыяланды. Анын качан бошотулаарын республиканын Башкы прокуратурасы билдирди.

Тактап айтканда, соттолгон Т.Үсөнөвдүн жаза мөөнөтүн (мунапыс жарыялангандан кийин) аяктоо мөөнөтү 2028-жылдын 17-мартында экени маалымдалган. Ал Ош шаарындагы СИЗО-5 абагында, жазасын өтөө үчүн катуу режимдеги түзөтүү колониясына которулат.

Белгилей кетсек, буга чейин Джалал-Абад облустук соту Сузак районунун 36 жаштагы тургунун КР Жазык кодексинин 138-беренеси  «ден соолукка оор зыян келтирүү, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген» боюнча жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөө менен 10 жылга эркинен ажыратты. Мунапыс колдонуу менен мөөнөт үчтөн бирине кыскарган.

Эске салсак, 2019-жылдын март айында Сузак районунда эки жашар кыз өлтүрүлгөн. Айыптар баланын апасы менен өгөй атасына козголгон. Райондук сот 2019-жылдын ноябрь айында энени 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк, 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу – бала 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Өгөй атага мунапыс жарыяланган.

Добавить комментарий