БАЭден контрабандалык электроникалык буюмдарды Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылышкан

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бажычылардын атын жамынып, БАЭден аткезчилик жол менен электроника алып келүүчү каналды жапты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«КР жарандарынын ичинен жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу максатында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Бириккен Араб Эмираттарынан кымбат баалуу мобилдик аппараттарды жана аксессуарларды мыйзамсыз алып өтүүнү уюштуруу боюнча туруктуу канал уюштурушкан», – деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, «Манас» бажы көзөмөлүнүн аймагына жүк ташуучу учак келип, анын ичинде SIVAS TRADE ЖЧКсына тиешелүү 5 миң 759 уюлдук аппарат түрүндөгү жүк болгон, ал МБКнын кызматкерлери менен мурда макулдашылган схема боюнча эки Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны тиешелүү тастыктоочу документтерди толтурбастан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Буга байланыштуу аталган унаалар токтотулуп, жүк текшерүүгө алынган. Жүк салуучу жайларды текшерүү учурунда кымбат баалуу телефондор, 127 кулакчын жана 64 саат табылган. Бар болгон товарларга тиешелүү документтер болгон эмес. 

SIVAS TRADE ЖЧКсы бажы алымдарын жана КНСти толтурбастан жана төлөбөстөн, «Манас» МТОнун ага инспектору болуп иштеген КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери Н. Абдраевден «Чыгарууга уруксат» деген штамп алган.

Бул факты боюнча материалдар тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий