Бабановго карата кылмыш иши токтотулду

УКМК Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады. Алар тарабынан мамлекетке зыян келтирилген фактылар болгон эмес.

Экс-президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки бардык процесстер токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча андан ары өндүрүштү токтотуу үчүн негизделген процесстик чечимдер кабыл алынгандыгы такталды. Буга Өмүрбек Бабанов жана анын туугандары тарабынан мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылардын жоктугу себеп болгон.

Ошол эле учурда Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен 100 миллион сомду мамлекеттик бюджетке колдоо иретинде которот.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгон. Анын ичинде Оштогу Амир-Тимур кичи районунда сүйлөгөн сөзүндө, анда негизсиз, чагымчыл сөздөрдү айткан жана бийликти күч менен басып алууга жана башаламандыкка даярданган. Өмүрбек Бабанов сегиз кылмыш иши боюнча, анын ичинде «Кыргызстан» банкынын иши боюнча да күбө болгон.

Добавить комментарий