Борбор калаада эл ташыган маршрутка жолдон аялды коюп кетип, ал ошол жерден жан берди.
Автокырсык Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 25-декабрда, эртең менен болжол менен 8:15 терде болгон. Аял киши ошол жерден көз жумган.
«Окуя болгон жерде милиция менен медиктер иштеп жатат. Маркум болжол менен 30 жаштарда экен», — деп билдирди ал.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан аталган факты болгондугун тастыктады. Окуя болгон жерге автоинспектор жөнөтүлгөн.