Бүгүн, 7-декабрда, Сокулук РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Максат Чойбеков жол кырсыгына кабылдыСокулук милициясынын башчысы жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 7-декабрда, Сокулук РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Максат Чойбеков жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

В ночь с 6 на 7 декабря произошла авария с участием начальника Сокулукского РОВД полковника милиции Максата Чойбекова

Кырсык 7-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 4.00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан.

Кырсыктан микроавтобустун айдоочусу ар кандай жаракат алып, Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми РИИБ башчысы медпунктуга көрүнүп, үйүнө жиберилген.

Сокулук райондук ИИБдин башчысы мас абалында болгон-болбогонун Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтейт.

Добавить комментарий