Аскар Акаев “Кумтөр” иши боюнча УКМКда суракка алынат

Экс-президент Аскар Акаев “Кумтөр” иши боюнча сурак берүү үчүн Москвадан Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министринин аппаратынын экс-жетекчиси, Аскар Акаевдин өнөктөшү Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы өлкөдө эки-үч күн болот.

«Аны эч ким суракка чакырган жок. Ал өзү “Кумтөр” боюнча ишти бүтүрүү үчүн келген, анткени өткөн жолу үлгүрбөй калган. Кичи мекенине Кеминге барбайт, анткени ал жерде болгон. Азыр ал эс алууда, эртең УКМКга барат», – деп белгиледи Бекболот Талгарбеков.

Москвадан келген учак бүгүн саат 4.40та “Манас” аэропортуна конду. Аскар Акаев уулу Илим менен мекенине учуп келди.

Аскар Акаев Кыргызстанга август айында эле келген. Экс-президент УКМКда сурактан кийин тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алды. Сапарынан бир нече күндүн ичинде Кемин районундагы кичи мекенине барып, Таластагы кайын журтуна барганга жетишти.

Добавить комментарий