Алты айда КРда 906 жаңы каржы пирамидасы аныкталды

Кыргызстанда акыркы алты айда эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча 906 фактыны аныкташты.

Алты айда Кыргызстанда каржы пирамидаларын уюштуруунун 906 фактысы аныкталды

ИИМдин басма сөз кызматы жарандарды сак болууга чакырып, алдамчылык менен алектенген уюмдардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда түзүлгөн – 886.

Ош шаарында – 16, Баткен облусунда – 1, Талас облусунда – 3. Анын ичинен 875и сотко жөнөтүлүп, 1си токтотулган, жарандарга келтирилген материалдык чыгым 34 миллион 731 миң 331 сомду түзгөн.

ИИМ сизге жогорку киреше жана акча табуунун жеңил жолдору сунушталса, ага ишенбөө керегин эскертет. Алдамчылар жакшы манипуляторлор, алар адамга психологиялык жана эмоционалдык таасир эте билишет. Мындай иш-аракеттер үчүн КР Жазык кодексинин 214 «Финансылык пирамидаларды уюштуруу» беренесине ылайык мыйзам тарабынан жазаланат.

Добавить комментарий