Алматыдагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына 4 млн. теңге берилет

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына төрт миллион теңгеден (800 миң сом) берилет.

Өкмөт башчы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөргөн.

«Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча каза болгон адамдардын баарынын үй-бүлөсүнө төрт миллион теңге (10,5 миң доллар) берилет. Мындан сырткары, жаракат алгандарга да каржылык жардам көрсөтүлөт», — деп айткан Мамин.

Ошондой эле ал түзүлгөн комиссия 10-январга чейин алдын ала корутунду чыгарышы керектигин белгилеген.

Алматыдагы авиакырсык

Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн.Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Жүргүнчүлөрдүн арасында бир кыргызстандык болгон, анын абалы канааттандырарлык.

Добавить комментарий