Акыркы балык уулоо: кайыкта балыкчынын сөөгү табылды

Чүй облусунун ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, Москва районунун аймагында кайыктын ичинен жашоо белгилери жок 66 жаштагы балыкчынын сөөгү табылды.

Анын айтымында, Беш-Терек айылында балык уулап жүрүп, 1955-жылы туулган адам күтүүсүздөн көз жумган. Себептери азырынча белгисиз.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар кемени жээкке алып чыгышкан. Анда балыкчынын сөөгү болгон, ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий