Акылбек Эшимов БШКдан өз ыктыяры менен чыгуу тууралуу оюн өзгөрттү

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов мандатын тапшыруу боюнча арызын кайтарып алды.

Бүгүн ошондой эле Акылбек Эшимовдун иши боюнча соттун чечими жок жана ал чыга электе БШКнын ишине катыша ала тургандыктан, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси парламентте каралбай турганы белгилүү болду. Буга чейин ал камактан күрөөгө бошотулган.

Эске салсак, Акылбек Эшимов 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, 2020-жылдын июнь айында саясий уюмдан 2020-жылдын күз айына белгиленген парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыздануучудан 550 миң доллар алган.

БШКнын мүчөсү жана партия лидерлеринин бири өз милдеттерин аткарбай А.Д.га 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышкан.

Добавить комментарий