Аялынын мурунку күйөөсүн сабап салган: кызганчаак адам кармалды

Базар-Коргондо аялын мурунку күйөөсүнө кызганып, аны катуу сабаган жаран кармалды.

Ден соолукка оор зыян келтирилген.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 1-март күнү түнү Коп-Там айылында үйлөрдүн биринин короосунда чыр чыгып, Гүлчехранын күйөөсү Санжарбек О.Ж.нын башын таш менен чаап жибергени тууралуу маалымат түшкөн. 

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, иштин материалдарын чогулткан.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Орозмамат Ж. менен Санжарбек А.у мурда телефон аркылуу урушуп кетишкени, Гүлчехра Орозмаматтын мурунку аялы, азыр Санжарбектин жубайы болуп, чыр кызганычтан улам чыккандыгы аныкталды.

Гүлчехра милицияга Орозмаматты өз каалоосу менен таштап, Санжарбекке турмушка чыкканын, аны эч ким эч нерсеге мажбурлабаганын түшүндүргөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Орозмаматтын алган жаракаты оор деп бааланууда. Буга байланыштуу ИИМ КР Жазык кодексинин 131-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) квалификациясын өзгөрттү.

Шектүү Санжарбек Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий