Аялын сабап өлтүргөн УКЖда асынып өлүүгө аракет кылган

Аялын өлтүрдү деп шектелген укук коргоо кызматкери убактылуу кармоочу жайда асынып өлүп кала жаздады.  

Бул тууралуу кыргыз ЖМКлары өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Алардын айтымында, мурда аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз жанын кыюуга аракет кылган – жаздык капты айрып, андан асылып алгысы келген жипти бурап алган.

Белгиленгендей, УКЖнын кызматкерлери өз жанын кыюуга аракетин токтотушкан, киши өлтүрүүгө шектелген адам психологиялык жана психиатриялык жардамга муктаж.

Буга чейин Таласта катуу сабалган аял каза болгону маалымдалган. Анын күйөөсү адам өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ал жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштейт. «Маркумдун күйөөсү тез жардам чакырган, бирок келген дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан. Факт боюнча кылмыш иши козголду», – деп билдиришти редакцияга.

 

Добавить комментарий