MANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.newsMANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.news

Кириш
MANAS - КЫРГЫЗСТАН КАБАРЛАРЫ
БЛОГДОРБЛОГДОРКирүү
  • АУА РАЙЫ
  • Байланыш
  • Биз жөнүндө

MANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.newsMANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.news

  • КЫРГЫЗСТАН
  • МААНИЛYY КАБАРЛАР
  • КООМ
  • КЫРСЫКТАР
  • Дүйнөдө
  • ПОЛИТИКА
  • Инфографика
  • ЭКОНОМИКА
  • АНАЛИТИКА
  • БЛОГДОР
  • Биз жөнүндө
  • Кирүү
  • КАТТООГО КИРГИЗҮҮ
RU
12 мая 19:00 / Опубликовано в КЫРСЫКТАР

Адам уурдоо: шектүүлөр кармалды

Укук коргоо кызматкерлери адам уурдоого шектүүлөр кармалганын кабарлашты

Укук коргоо кызматкерлери адам уурдоого шектелген жаран кармалганын кабарлашты

СОБРдын кызматкерлери тартылган кылмыш иликтөө бөлүмүнүн атайын операциясынын жүрүшүндө төрт адам кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, май айынын башында Бишкекте бир нече адам күч колдонуп, 28 жаштагы жергиликтүү тургунду унаага салып, шаардан чыгып, ээн жерге айдап кетишкен.

«Кол салгандар жабырлануучудан карыз деп акча талап кылышкан. Физикалык күч колдонуу менен коркутуп, ишкердин 50 миң сомун алып кетишкен. Ошондон кийин ал адам калган акчаны бир нече күндүн ичинде берем деген шарт менен кое берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда КР Жазык кодексинин 165-беренеси «Адам уурдоо» боюнча тергөө амалдары башталды. 4-майда адам уурдоого шектүүлөр (бардыгы Бишкек шаарынын тургундары) кармалган:

А.А. Ысык-Көл облусунда туулган;

Б.М., 1995-жылы туулган, Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну;

О.М. 1995-жылы туулган, Талас облусунда туулган;

Ш.Ж. 2003-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алгачкы экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам реестринде турат.

“Шектүүлөргө тиешелүү унааны тинтүү учурунда Макаров тапанчасынын негизинде жасалган травматикалык тапанча, 3 бычак, ошондой эле ар кандай унаалардын техникалык паспорттору алынды: Toyota, Volkswagen Golf III, Volkswagen Passat, BMW 525. Мындан тышкары, 2 мамлекеттик номур табылган.Тийиштүү экспертизалар дайындалды”, — деп билдирди басма сөз кызматы.

Учурда тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат, деп кошумчалады ИИМ.

Tagged under: КАРМОО, курал-жарак, уурдоо, ШЕКТҮҮ

Читать ещё

Кыргызстандык Санкт-Петербург шаарында өз жанын кыюуга аракет кылды
Бишкекте 12 жаштагы кыз жоголду
Аткезчилерден алынган алтындын баасы 10 млн

Добавить комментарий Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

  • КЫРГЫЗСТАН
  • МААНИЛYY КАБАРЛАР
  • КООМ
  • КЫРСЫКТАР
  • Дүйнөдө
  • ПОЛИТИКА
  • Инфографика
  • ЭКОНОМИКА
  • АНАЛИТИКА
  • БЛОГДОР
  • Биз жөнүндө
  • Кирүү
  • КАТТООГО КИРГИЗҮҮ

Manas.news - Кыргызстандын эн акыркы маанилүү жана кызыктуу кабарлардын көз карандысыз маалымат сайты. Биздин журналисттер командасы өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндо болуп жаткан учурдагы окуяларды окурманга тартуулайт. Manas.news менен сиздер Кыргызстандагы саясий, коомдук, кылмыш чөйрөсүндө ар дайым акыркы жанылыктарды билесинер. Ар дайым жана күн сайын!

TOP