47 жаштагы киши жер урап каза болду

Нарын облусунда жер урап, анын кесепетинен 47 жаштагы адам каза болду.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кара-Чий айылында жергиликтүү тургун үйгө суу алып келип, бирок иш жүрүп жатканда жер урап кеткен. Натыйжада ал каза болгон.

Куткаруучулар келгенге чейин айыл тургундары сөөктү урандылардын астынан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Добавить комментарий