№2 төрөт үйүнүн толуп кеткендиги тууралуу билдирүү четке кагылды

№2 клиникалык төрөт үйү толугу менен иштей баштады, бирок ал жерде адам көп эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

7-июлга карата медициналык мекемеде 51 аял бар экендиги аныкталган.

“Алардын ичинен 12 кызыл зонада, 39 жашылда. Кошумчалай кетсек, учурда 11 ымыркай энелери менен жатат. Медициналык мекемеде чоңдор үчүн жети, жаңы төрөлгөндөр үчүн төрт жасалма желдетүү аппараты бар. Ооруканада 26 кычкылтек концентратору бар. Албетте, бул жетишсиз, бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда кошумча дары-дармектер, ЖКК жана шаймандарды алуу боюнча иштеп жатат”, – деп түшүндүрдү министрлик.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө №2 төрөт үйүнүн палаталарында толтура адамдар жана аялдар коридордо уктап жаткандыгы тууралуу видео пайда болгон.

Добавить комментарий