2 миллион 400 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы 2 миллион 430 миң сомдук контрабандалык товарды кармады. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү фактыларына бөгөт коюу жана ачуу иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте Баткен РИИБнин ЖКККБ кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын жанынан КР жараны «М.А.К.» башкаруусунда «SAMRO SR» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 24 300 кг болгон желим баштыктарга салынган компот аралашмасы табылган. Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген. Товардын жалпы баасы 2 миллион 430 миң сомду түздү.

Бул факты АИС КЖБРге каттоого алынып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Баткен бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жүктүн ири партиясын кармаганын билдиришти

Баткен бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жүктүн ири партиясын кармаганын билдиришти

 

Добавить комментарий