16 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү камакка алынды

Кеминде жоголгон мектеп окуучусу муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Киши өлтүрүүгө шектүү Кемин районунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

«21-июнь күнү саат 17.15те Кемин райондук ички иштер органдарына токойлордун биринен күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер менен кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бир нече убакыттан кийин, өлтүрүлгөн кыздын энеси жоголгону жөнүндө арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, 8.30да кызы күбөлүгүн алуу үчүн мектепке барган. Саат 10.59да ал коңшусунун телефонунан чалып, алардын жериндеги сугат иштери бүткөндөн кийин үйүнө кайтып келерин айткан, бирок ал кайтып келген эмес», – деп билдиришти милициядан.

Киши өлтүрүүгө шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү кыздан чалуу үчүн телефонун сураган. Мектеп окуучусуна асыла баштагандан кийин, ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылганда, эркек киши аны муунтуп өлтүргөн. Шектүү унааны кошунасынан алып, өлтүрүлгөн кыздын сөөгүн токойко алып барып ыргытып жиберген.

Кармалган адам Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Добавить комментарий