13 жаштагы кыздын зордукталышынын чоо-жайы белгилүү болду

Зордук-зомбулукка кабылган 13 жаштагы кызга мугалимдердин мамилеси кандай өзгөргөнүн жабырлануучунун атасы билдирди.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши каралууда.

Атасынын айтымында, айыпталуучу болуп үч адам отурат, анын ичинде экөө милиция кызматкери, үчүнчү адам айыпталып жаткан укук коргоо органынын кызматкеринин тууганы.

«Бул өзгөчө кырдаал 2021-жылы болгон. Кызымды Кулиев көчөсүндөгү мейманканага күч менен алып келип, зордуктап салышкан. Аны коркутуп-үркүткөн. Былтыр августта “Дордойдо” контейнердин ээси кызым наушник уурдап кеткенин айткан .Ал аны кармады, ошол учурда башка айыпталуучу келди, ал мурда соттолгон экен, бирок өзүн милиционер катары тааныштырды. Кыздан 50 миңден 100 миң сомго чейин акча талап кыла баштады. Андан кийин аны унаага отургузуп, ээн жерге алып кетишти. Аны унаада зордукташкан. Мурда кызым аларды таанычу эмес», – деди кыздын атасы.

Ал мамлекеттик психолог кызына эч кандай жардам бербегенин айтты.

“Эгер психолог айына бир жолу чакырса, бул жакшы болчу. Бизге жөн эле кызыбызды ооруканага жаткызгыла деп айтышты. Мындан ары жардам жок. Кызым үйгө истерика менен келип, таблеткаларды жутуп алган учурлар болгон”, – дейт жабырлануучунун атасы.

Кыз зордукталгандан кийин мектепке барган. Мугалимдер классташтарынын көзүнчө ага кысым көрсөтө башташты, алар: «Сен өзүңдү башка кыздар менен салыштырба. Чындыгында ким экениңди билбейсиңби?», – деп жабырлануучунун атасы мугалимдердин сөзүн келтирет.

Эске салсак, алгач социалдык тармактарда 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Андан соң бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган.

Добавить комментарий