ЖК депутаты тажик анклавынан оор техникаларды чыгарууну талап кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тажикстан анклавдын аймагынан ал жактагы оор техникалардын баарын алып чыгышы керектигин билдирди.

Султанбай Айжигитов белгилегендей, эл аралык стандарттарга ылайык, оор техникалар анклавдардын аймагында жайгаша албайт.

«Үч күн мурун Тажикстан максаттуу провокация жасаган. Ал биздин позицияларды минометтор менен аткылап, оор техниканы тартып алды. Кык жайлоосу, Булак-Башы айылы бар. Алар баткендиктердин айылда жашашын каалашпайт. Ворух анклавынан оор техникалар чыгарылыш керек», – деди эл өкүлү.

Эске салсак, 3-июнда Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлерин аныктады. Алар шарттуу чек ара сызыгынан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип кетишкен. Аймактан чыгып кетүү талабына көңүл бурбай, тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда атышуу болуп, тажик тарап минометторду колдонгон. 

Добавить комментарий