ЖК: депутаттар эс алууга кетишти

 Жогорку Кеңештин депутаттары жетинчи чакырылыштын биринчи сессиясынын ишин жыйынтыктап, ушул жылдын сентябрына чейин эс алууга кетишти. Акыркы иш күнүндө эл депутаттары 39 мыйзам долбоорун, ошондой эле эки токтом кабыл алышты. Ошол эле күнү каралып жаткан мыйзам долбоорлорунун бири четке кагылды.

«Шайлоочулар менен жолугушуу июль, август айларына белгиленген. Сиздер жеринде көйгөйлөр менен таанышып, эл менен талкуулап, кийинки сессияга орчундуу суроолорду алып чыгасыздар деп ишенем», – деди спикер Талант Мамытов.

Эске салсак, парламенттин жыйындары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн июндун акыркы жумуш күнүнө чейин өткөрүлөт.

Добавить комментарий