Жапаровдун жаңы кеңешчиси дайындалды

Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров Бекбосун Бөрүбашовду президенттин кеңешчиси кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бекбосун Бөрүбашов жаңы Негизги Мыйзамды иштеп чыккан Конституциялык кеңешмени жетектегенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бөрүбашов – юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРСУнун Юридикалык факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы.

Добавить комментарий