Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Ушул жумада Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда референдумдун күнүн 11-апрелге белгилөө боюнча мыйзам долбоорун колдошту. 94 депутат «макул», алтоо каршы добуш берди.

«КР Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору референдумга коюлат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий