Жапаров эмне үчүн Жээнбеков экс-президент макамын алганын айтты

Садыр Жапаров өлкөнүн аймактарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековго экс-президенттин статусу сакталып калганы боюнча өзүнүн чечими боюнча комментарий берди.

Бүгүн Жапаров Ошто. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда андан эмне үчүн Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун калтыргандыгы суралды.

«Айрым саясий күчтөр Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусун алышына каршы болушкан. Мен өз демилгем менен анын макамы жөнүндө жарлыкка кол койдум», – деди Садыр Жапаров.

Ош шаарынын тургундары бул сөздөрдү кол чабуулар менен тосуп алышты.

«Мен соккуну өзүмө алып, экс-президенттин макамы жөнүндө жарлыкка кол койдум. Бул ниет өлкөбүздөгү бийликти тынч жана мыйзамдуу жол менен алмаштыруу максатында ишке ашты. Белгилүү болгондой, бизде экс-президент жок. Экөөнү айдап жибердик, бирөөсү камалып, ушул статусунан ажыратылды. Экс-президенттин статусу керек жана кала берет. Менин оппоненттерим (Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары. – ред.) мени туура түшүнөт деп ишенем», – деди Садыр Жапаров.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда парламенттик шайлоонун бурмаланышына нааразычылык билдирип митингдеги баш аламандыктан кийин бийликке келген саясатчылар менен узак, бирок ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматтан кеткен.

Добавить комментарий