Жапаров Австрия менен Иранга жаңы элчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын Австрия жана Ирандагы элчилери дайындалды, деп билдирди КР башчысынын басма сөз кызматы.

Толенди Макеев Кыргызстандын Австриядагы элчиси, ошондой эле КРнын БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Макеевге чейин бул кызматты Бакыт Джусупов ээлеп келген.

Турдакун Сыдыков Авазбек Абдуразаковдун ордун ээлеп, Ирандагы элчи болуп дайындалды.

Добавить комментарий