Жаңы республикалык штаб түзүлдү, анын негизги милдети ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу

Бүгүн, 6-августта, Жогорку Кеңештин депутаттарын 2020-жылдын 4-октябрына шайлоого даярдык көрүү маселесине арналган жыйын өттү.

Өкмөт башчы белгилегендей, республикалык штаб шайлоо комиссияларына шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүгө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Штабды вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген.

“Алдыдагы парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясынын учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Кеңири масштабдагы саясий иш-чара жогорку уюшкандыкты, анын ичинде добуш берүү мезгилинде шайлоо участокторунда эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну жана жарандардын инфекциянын алдын алууну талап кылат. Биздин алдыбызда ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу милдети турат”, – деди Боронов.

Бүгүнкү күндө 2464 шайлоо участогу бар, алардын 44ү чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, алардын курамы бекитилди (аймактык шайлоо комиссияларынын 650 мүчөсү, участоктук шайлоо комиссияларынын 29 837 мүчөсү). Шайлоочулардын алдын-ала тизмесине (24-июлга карата) 3 миллион 428 миң 873 адам киргизилген.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Нуржан Шилдабекова баяндама жасап, республикада парламенттик шайлоого даярдык көрүү иштери жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Анын айтымында, шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда жарандар температураны текшерип, жеке коргонуу шаймандарын таратып, жайларды мезгил-мезгили менен дезинфекциялап, керектүү аралыкты сактап турушат.

Добавить комментарий