Өзбекстан Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди

Расмий Ташкент Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга жардам берүүгө даяр экендигин жарыялады.

Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды мындан ары турукташтырууга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр.

Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын ТИМинин башчысы Абдулазиз Камилов Сиань шаарында «Борбор Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, бөлүнбөстүк жана коопсуздук Борбор Азиядагы аймактык туруктуулукту сактоонун негизги принциптери болуп саналат.

Өз кезегинде, КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга өзбек тараптын көңүлү жана боорукердиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий