Вице-премьер-министр “Караван” соода борборунда митингчилер менен жолугушту

«Караван» соода борборунда ижарачылар кайрадан соода борборун электрондук соода тизмесинен чыгарууну талап кылган нааразычылык акциясына чыгышты.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Караван» соода борборунун ижарачыларынын нааразычылыгына чыкты.

Ал нааразы болгондордон бардык арыздар менен нааразычылыктарды өзүнүн аты-жөнүнө кат жүзүндө жөнөтүүнү суранды. Чиновник ишкерлердин кайрылуулары кийинки жуманын аягында караларын убада кылды.

Белгилей кетсек, бүгүн соода борборунун 100 жакын ижарачылары Өкмөт үйүнө келип, аларды президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кабыл алууну талап кылышты.

Ишкерлер «Караван» соода борбору электрондук аукционго мыйзамсыз киргизилген деп жатышат. Алардын айтымында, мамлекет ишкана рентабелдүү эмес болгон учурда гана аукцион өткөрүүгө укуктуу.

Добавить комментарий