Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жозеп БоррельG7 өлкөлөрүн Россияга кысымды күчөтүүгө жана «Украинаны колдоо үчүн бирдиктүү фронт түзүүгө» чакырды.
Европалык Тынчтык Фондунан Украинага Евробиримдиктин кошумча 500 миллион евролук жардамы оор куралдарды: танктарды жана артиллерияны сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер кызматынын башчысы Жозеп Боррель жетиликтин (G7) тышкы иштер министрлеринин жыйынына келгенде билдирди.
«Украина кризиси башталгандан бери бул G7 [ТИМ башчыларынын] жетинчи жыйыны. Рецепт ошол эле бойдон калууда, Украинага көбүрөөк колдоо, анын ичинде аскердик колдоо. Мен Украинага 500 миллион евро аскерий жардам бөлүнөрүн жарыялайм. Бул биздин жардамыбызды жалпысынан 2 миллиард еврого жеткирет, — деди Боррель.- Ал белгилегендей, бул каражат «оор куралдарды сатып алууга жумшалат, учурда биз бронетранспортерлорду, танктарды, артиллерияны жана снаряддарды жөнөттүк».
Евробиримдик өлкөлөрү Украинага аскердик учактарды жеткирүүнү каржылай алабы деген суроого жооп берип жатып, Боррель : «Жок, 500 миллион евро көп учактарды камсыздай албайт, бул каражат согуштун бул түрү үчүн керектүү оор куралдарды сатып алууга жумшалат»,- деди.
Боррель ошондой эле G7 өлкөлөрүн Россияга кысымды күчөтүүгө, жаңы санкцияларды киргизүүгө, РФны дүйнөлүк аренада изоляциялоого аракет кылууга жана «Украинаны колдоо үчүн бирдиктүү фронт түзүүгө» чакырды.