Украина өзүнө керектүү куралдын 10% гана Батыштан алган

Украин бийликтери Батыштан суралган курал-жарактын жалпы суммасынын 10% гана алганын билдирди.

Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Батыш өнөктөштөрүнүн жардамысыз өлкө «бул согушта жеңе албайт» деп баса белгиледи.

Украина Батыш өлкөлөрүнөн сураган куралдын 10% гана алган. Бул тууралуу шейшембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр украин телемарафонунда билдирди.

“Россия курал-жарак жагынан, аскер кызматкерлеринин саны боюнча мүмкүнчүлүктөр алда канча көп. Украина канчалык аракет кылбасын, биздин армия канчалык профессионалдуу болсо дагы, биз бул согушта Батыш өнөктөштөрдүн жардамысыз жеңе албайбыз”, – деди Маляр.

«Украина жарыялагандан, бизге керектүү нерседен азыр бизде болгону 10% гана бар», – деп белгиледи Украинанын Коргоо министринин орун басары.

Анын айтымында, украин армиясында орус армиясына каршы туруу үчүн курал-жарак жетишсиз. Маляр Украинанын Куралдуу күчтөрү күнүнө 5-6 миң артиллериялык снарядды колдонсо, РФ Куралдуу күчтөрү аларды 10 эсе көп колдоноорун айтты.

Добавить комментарий