Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын элчиси менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода менен болгон маектешүүдө жакынкы аралыкта эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Иш-чаралардын мазмунун сапаттуу даярдоого өзгөчө басым жасалып, каралып жаткан документтердин долбоорлорун өз убагында макулдашуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар чек ара аймактарынын жана эки мамлекеттин аймактарынын тургундарынын ортосунда кастыкты козутууга багытталган провокациялык материалдарды таратууга жол берилбестигин белгилешти.

«Министрлик стабилдүүлүктү жана этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, чек ара маселелери боюнча туура жана ишенимдүү маалыматтарды берүү жана чагымчыл видеолорду таркатууга катышкандарды жоопко тартуу үчүн тийиштүү чараларды көрүү үчүн ырааттуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи», – деп айтылат билдирүүдө

Добавить комментарий