Текебаев менен чырдашкан: Шыкмаматов «Ата Мекенден» кетип мандатын тапшырат

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан да кетет.

Анын мындай кадамына партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болгон.

«Текебаев менен мындай пикир келишпестик болот деп жада калса түшүмө кирерин да элестете алчу эмесмин. «Ата Мекен» партиясынан кетүүгө жана мандатымды тапшырууга мажбурмун. Мен үчүн ар дайым намыс карьера жана артыкчылыктардан да жогору турат. Мындай чечим кабыл алуу аябай оор болду, жүрөгүм ооруду», — деди Шыкмаматов.

Ал өзүнүн башкы катасы «эч кимди кумир тутпа» деп айтылган жашоодогу эрежени бузганында болгонун белгилейт.

«Ата Мекен» партиясы күчтүү, тайманбас адамдардан турат. Мен партиянын бардык активдүү мүчөлөрүн билем. 15 жылдан бери социалисттердин катарында жүрүп, саясатчы катары «Ата Мекендин» желегинин алдында өстүм. Партиядагы жолдошторумду, лидер Өмүрбек Текебаевди урматтайм, сыйлайм. Ал тажрыйбалуу, тарыхый адам экени талашсыз чындык. Мен Текебаевден көп нерсени үйрөндүм. Аны үчүн ага рахмат айтам. Бирок катам «эч кимди кумир тутпа» деген жашоонун негизги эрежесин бузганымда болду», — деди Шыкмаматов.

Соңунда ал партиянын курамынан чыкканы менен чоң саясатта калып, конструктивдүү саясий күчтөр менен бириге турганын кошумчалады.

Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп 2017-жылдын февралында Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин дайындалган. Ага чейин лидердин орун басары болуп турган.

Добавить комментарий