Ташкентте Италия менен Кыргызстандын ТИМинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

Кыргызстан менен Италиянын расмий өкүлдөрү жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

«Ташкент шаарында (Өзбекстан) КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин статс-катчысы Манлио Ди Стефано менен жолугушуу болуп өттү», – деп айтылат билдирүүдө.

Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, анын ичинде “Борбор Азия + Италия” кызматташуу форматында уюштурууну талкуулашты.

Мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгү өзүнчө талкууланды.

Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылы ноябрда Бишкекте өтө турган Биринчи ЕБ-БА Экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министрдин орун басары Ди Стефано италиялык тараптын эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Тараптар өз ара кыргыз-италия кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Добавить комментарий