Талибдер Тажикстандын чек арасындагы аймакка кол салып, 17 киши каза тапты

«Талибан» радикалдык тобунун мүчөлөрү тажик-афган чек арасында жайгашкан Тахар провинциясына кол салды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.

Согушкерлер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кошуундун базасына 29-декабрда эртең менен кирип келишкен. Анын кесепетинен элдик кошуундун 17 жоокери каза таап, сегиз киши жабыркаган.

Президент США Дональд Трамп во время незапланированного визита в Афганистан заявил, что радикальное движение Талибан хочет заключить мирное соглашение с его страной.

Белгилей кетсек, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын кагылышуусу жүрүп келет. Аталган топ мурда аймактардагы маанилүү жерлерди ээлеп, ири шаарларга чабуул коюп турган.
Өлкө аймагында «Ислам мамлекети»* террордук тобунун таасири күч. Афганистандын улуттук коргоо жана коопсуздук күчтөрү куралчан топко каршы биргелешкен операцияларды жүргүзүп келет.

Добавить комментарий