ТүркПАнын социалдык жана маданий-гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын жыйыны өттү

Баку шаарында ТүркПА Комиссиясынын IX отуруму болуп, ага Жогорку Кеңештин делегациясы катышты.

Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Семинарда “Калктын социалдык аялуу катмарын ишкердикке көмөктөшүү: реалдуулук жана келечек” деген тема талкууланды. Мындан тышкары, “Социалдык ишкердик жөнүндө” мыйзамдын моделдик долбоорун талкуулоо боюнча экинчи жумушчу жыйын өттү.

Ошентип, катышуучулар моделдик мыйзам долбооруна, ошондой эле ТүркПАнын ченемдик укуктук актыларына моделдик мыйзамдарды кароого байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жарыялашты жана талкуулашты. Бул долбоорго Жогорку Кеңештин түзөтүүлөрүн жана сын-пикирлерин спикердин укуктук маселелер боюнча кеңешчиси Бакытбек Мажитов даярдап, сунуштады.

Ошондой эле, иш программасынын алкагында Азербайжандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Туруктуу жана оперативдүү социалдык камсыздоо агенттигинин борборуна таанышуу сапары уюштурулду.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамына депутаттар Айбек Осмонов — ТүркПАнын социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, ТүркПАнын социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү Улан Бакасов, укук маселелери боюнча спикердин кеңешчиси Бакытбек Мажитов жана ЖК Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Мария Исанова кирди.

Добавить комментарий