«Түндүкэлектр» ААКсын Азамат Кожомкулов жетектейт

«Түндүкэлектр» ААКнын директорлор кеңеши Азамат Кожомкуловду компаниянын башкы директорлугуна дайындады.

Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бир нече жыл мурун Кожомкулов «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болгон.

Ошондой эле директорлор кеңешинин чечими менен “Түндүкэлектрдин” мурдагы директору Улан Астаркулов кызматынан бошотулду. 2020-жылдын октябрында компаниянын кызматкерлери анын дайындалышына каршы бир нече жолу митингке чыгышкан. Алар Астаркулов кылмыш иши боюнча айыпталуучу экенин жүйө келтиришкен. Ошондой эле алар мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевдин кызматтан алынышын мыйзамсыз деп эсептешти.

Митингчилер Бекмурзаев арызды жазган эмес жана “Түндүкэлектрге” жаңы директорду дайындоо мыйзамсыз болгонун билдиришти. Өкмөттөн билдиришкендей, иштен алынган чиновник бул чечимге макул болбосо, сотко кайрыла алат. Андан кийин митингдер токтоду, Бекмурзаев июнь айында көтөрүлдү – ал энергетика жана өнөр жай министри болду.

Добавить комментарий