Шайлоого байкоочу катары катталуу үчүн 3 ӨЭУ арыз берген

Үч коммерциялык эмес уюм Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө кабарлады, деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.

Булар «Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо «Билоу» коомдук фонду, «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» коомдук фонду жана «Майып адамдардын укугун коргоо боюнча комитет» коомдук фонду. Бул БӨУлар БШК, Бишкек ТШК жана борбордогу шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүү ниетин билдиришти.

Билдирүүлөр БШКнын 12-августтагы чечими менен эске алынды. БШКнын чечими Бишкек шаарынын ТШКларына жана Бишкек шаарында түзүлгөн УШКларга ушул өкмөттүк эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын каттоодон өткөрүп, аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү үчүн жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, 30-июлда БШК өзүнүн отурумунда Жогорку Кеештин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын тизмесин каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган.

 

Добавить комментарий