Кыргызстанда мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда КР жаңы Конституциясы кабыл алынган (КР Президенти 2021-жылдын 5-майында кол койгон), анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы тартиби каралган. КР мыйзамдарына ылайык, шайлоо боюнча тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган, ЖК депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралууда.
Ошентип, Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округдар (36 мандат) боюнча түзүлөт деп болжолдонууда.
Мыйзамдын күчүнө кириши КР жаңы Конституциясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Бул Мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет.