Россиянын ЕБдагы тоңдурулган активдеринин наркы 13,8 миллиард еврону түзөт

Евробиримдик Россиянын 13,8 миллиард еврого бааланган активдерин тоңдурганын жарыялады.

Бул тууралуу Европа комиссары Дидье Рейндерс билдирди.

Рейндерстин айтымында, беш мүчө мамлекетте эле 12 миллиарддан ашык евро тоңдурулган.

«Биз башка мүчө-мамлекеттерди дагы ушундай кылууга үндөшүбүз керек. Жакынкы жумаларда биз бардык мүчө мамлекеттерде бул процесстердин активдешүүсүн көрөбүз деп үмүттөнөм», – деди Рейндерс.

Ал эң көп активдерин тоңдурган Евробиримдиктин беш өлкөсүнүн атын айтуудан баш тартты.

Германияда каржы министри Кристиан Линднер июнь айынын ортосунда бул өлкөдө тоңдурулган сумманы 4,48 миллиард евро деп баалады.

Бельгия өткөн жылдын апрель айында 2,7 миллиард евролук орус активдерин тоңдурганын каржы министри Винсент Ван Петегем билдирди.

Июнь айынын аягында Россиянын элиталары, өкүлдөрү жана олигархтары боюнча эл аралык жумушчу топ март айында түзүлгөндөн бери Россиянын 30 миллиард доллардан ашык активдерин аныктоого жана тоңдурууга жардам бергени кабарланган.

Италия менен Ирландиянын ар бири 1,7 миллиард евролук активдерин тоңдурду.

Добавить комментарий