РК Президенти ЕАЭБдин өнүгүү стратегиясын кабыл алууну жайлатууда

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларын Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын айрым маселелерин андан ары талкуулоого жана иштеп чыгууга чакырды.

Шейшемби күнү видео конференция форматында өткөн ЕАЭБ саммитинде сөз сүйлөгөн Токаев бул документтин маанилүүлүгүн жана каталардан алыс болуш керектигин баса белгиледи.

«Комиссиянын өкүлдөрү жакында мамлекет башчылары стратегияны кабыл алышкандыгын жарыялашкандыгын белгилей кетким келет. Бул алдыга коюлган орунсуз нерсе деп ойлойм. Президенттерге талкуулоо жана өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү керек: биз стратегияны кабыл алабызбы же жокпу – өтө маанилүү документ. Мындай учурлар бар, алар Евразия экономикалык комиссиясынын айрым өкүлдөрүнүн ашыкча амбициясы байкалат, биз документ даярдап, Президенттин ишин кабыл алабыз деп жатышат, бирок мен ката кетирбешибиз үчүн, коомдук пикирдин сынынан алыс болуш үчүн мамлекет башчыларынын бул документти кошумча талкуулоо укугунан пайдаланышыбыз керек деп ойлойм», – деди Казакстандын Президенти.

Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларын документти кошумча талкуулоого жана жеке жолугушуу учурунда кабыл алууга үндөдү. «Эртеби-кечпи, биз бири-бирибизди көрөбүз», – деди Токаев.

Добавить комментарий