Бешимбаева Айгерим Кабылбековна «Республика-Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Ал вице-премьер-министр болуп дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык кызматтан кеткен Аида Исмаилованын ордуна келди.
Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда туулган.
2020-жылдын 1-январында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык Мыйзамдын 65-беренесине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. 4-1-пунктка ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктары төмөнкү катталган талапкерге өткөрүлүп берилет:
1) аял-талапкерлердин ичинен, аял депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда;
2) эркек талапкерлердин ичинен, эркек депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулган учурда.
Демек, мыйзамга ылайык, мандат тизмедеги кийинки аялга берилиши керек, деп белгилешти БШК.
Ошентип, «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине ылайык, кийинки талапкер Бешимбаева Айгерим Кабылбековна болот.