Равшан Джеенбеков камакта кала берет

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Джеенбеков дагы эки ай камакта болот.

Эске салабыз! Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум уланды.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучу Равшан Джеенбековдун тыюу салуу чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Жактоочу өтүнүчүн анын кардары депутаттыкка ат салышып жатканы менен түшүндүрдү.

Мындан тышкары адвокат Равшан Джеенбеков чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин сотто билдирди.

Чечимди судья Азирет Медеров окуп берди, ага ылайык Равшан Джеенбековдун баш коргоо чарасы 27-декабрга чейин узартылды. Төрагалык кылуучу айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн жагдай болуп санала турган далилдер сотко берилген эмес деп билдирди.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Добавить комментарий