Президент өзүнүн кеңешчиси Олег Панкратовду кызматтан бошотту

Мурдагы экономика министри, жакында президенттин кеңешчиси болуп иштеген Олег Панкратов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Панкратовдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тиешелүү буйрукка кол койгону белгиленди.

Олег Панкратов 2019-жылдын июлунда президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. 2015-жылдан 2017-жылга чейин жана 2018-жылдан 2019-жылга чейин экономика министри болуп иштеген. Эмгек жолун мугалим болуп баштаган.

Бул президент менен макулдашылган чечим, – деп түшүндүрдү ал. «Мен жаңы иштин чоо-жайын айта албайм», – деди Панкратов.

Добавить комментарий