Президент утулган партиялардын митингдери боюнча комментарий берди

Кыргызстандын Президенти шайлоону өлкөнүн жана анын жарандарынын тынчтыгын бузбай тургандай өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал жоготууну үйрөнүп, жеңилүүнү кабыл алуу керектигин айтты.

«Биз шайлоону жарандардын тынч жашоосун жана өлкөдөгү тынчтыкты бузбай өткөрүүгө милдеттүүбүз», – деди Сооронбай Жээнбеков тар курамда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунда. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент саясий күчтөргө адамдарды бөлүп-жарууга, коомдогу тынчтыкты жана жарандардын укуктарын бузууга жол берилбей тургандыгын эске салды. Анын айтымында, кандай гана күрөш болбосун, ар дайым утулган тарап болот, буга байланыштуу саясатчылар жана талапкерлер амбициясынан баш тартып, утулуп калса, элди мыйзамсыз аракеттерге түртпөшү керек.

“Утулууга да даяр болуу керек. Жеңилгендер тарапташтарын көчөгө алып чыкканда эски ыкмалардан арылуу керек. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартуунун кажети жок. Анткени мындай көрүнүштөр кайсы гана өлкөнү болбосун артка кайтарат. Биздин өлкө дагы өзгөчө кырдаал эмес”, – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал дагы бир жолу белгилегендей, саясий партиялар өлкөнүн, балдардын келечеги жөнүндө ойлонуп, туура жыйынтык чыгарууга үйрөнүшү керек.

«Мен мекендештериме дагы бир жолу өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан жогору экендигин эскертип, баардыгын саясий жоопкерчиликке жана жетилгендикке чакырам», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы таза шайлоо өткөрүү өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнүн башкы шарты экендигин баса белгиледи. «Бул үчүн бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек. Президент катары мен буга чейин шайлоо ачык өтөт деп айткам. Менин мамлекет башчысы катары менин башкы милдетим – эгемендүүлүктү, бүтүндүктү, биримдикти жана тартипти сактоо. Ошондуктан, мен саясий партияларды, алардын тарапкерлерин жана командаларын шайлоо өнөктүгүндө мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырам», – деп кошумчалады ал.

Бюллетенге кайсы партиялар киргизилет, БШК 3-сентябрдан кечиктирбестен жарыялашы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. Жымжырттык күнү – 3-октябрда аяктайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал 4-октябрда өтөт.

Добавить комментарий